“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

С. Далбаев мектебинде табигый кырсыктардан сактануу туралуу семинар болуп өттү

10 Июнь 2016 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны: 72

С. Далбаев мектебинде  Кызылай жарым коому тарабынан семинар болду. Семинарга айылдын тургундарынан, окуучулардан жана ошондой эле мугалимдерден катышышты.

image

С. Далбаев мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гүлназ Камбарали кызы эжекенин айтымында, Базар-Коргон районуна караштуу Кызылай жарым коому тарабынан семинар болуп өтүптүр.

Бул семинардын негизги максаты адамдар табигый кырсыктардан кандай жолдор менен сактанышат жана жашоочу жерлерин кантип сакташат деген маселе болду. Биздин айылга келип семинар өткөнүнүн себеби жакын аранын ичинде эле айылда сел жүргөн-деп айтты Камбарали кызы.

Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин айтымында, Кызылай жарым коому жөн гана семинар өтүп кетбей айылда сурамжылоо жүргүзүп айылдагы көйгөйлөрдү жазып кетишиптир.

Семинарда 15 адамды мүчө кылып курап түздүк. Аларга коопсуздук эрежелери деген темада сабак өтүлдү. Алардын негизги милдети айыл тургундарга табигый кырсыктарда жардам берүү болуп саналат -деп айтты Дөлдөев .

Автору:Адилет Канат уулу
Редактор:Айназик Бообекова

Сынак үчүн