Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы көп жылдан бери иштеп келе жаткан фап оңдолуудан өттү. Учурда айыл тургундары коркунучсуз дарыланууда.
Ошол фаптын медайымы Катча Жумабаеванын айтымында, мурдагы абалы өтө эле начар болгонуна байланыштуу айыл тургундары башка жерге барып дарыланып келишчүү экен.
Учурда фаптын абалы жакшы эле, түшүп калган полдору ошондой эле фаптын үстүнөн суу өткөн чатыры оңдолду. Оңдоо иштерин Айнагүл Бектаимова жүргүздү- деп айтты Жумабаева.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Зейнеп Курманбекованын айтымында, мурдагы абалы начар болуп айыл тургундары башка жерге барып дарыланып келген учурлар көп болгон экен.
Бирок азыр жакшы полдору оңдолуп барганда кеңири басып жүрүп калдык, оңдоп берген адамдарга чоң рахмат -деп айтты Курманбекова.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды