“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Айылдагы сугат суу маселеси тууралуу айыл башчысы эмне дейт?

22 Май 2016 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны: 73

«Ооган-Талаа айылына сугат суу жетишпей жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу айыл башчы Муктар Дөлдөев менен маек курдук.

image

Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоодо айыл тургундар сугат суу маселесин айтышты, сиз бул маселе тууралуу эмне дейт элеңиз?

Айыл тургундары туура эле айтышыптыр, себеби быйылкы жыл өтө эле жаанчыл келди. 26-апрельде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен бир топ ушул айылга келүүчү сугат суу арыкты жеп кеткен жана шагылдар менен толтуруп койгон.

Бул маселени чечсе болобу?

Ооба болот. Кече жакында Базар-Коргон районунун акими Таалай Дөлдөев келип көрүп кетти жардам беребиз деп. Учурда айыл өкмөтү да бул маселенин үстүнөн катуу иштеп жатат. Андан башка да жалпы жаамат айыл тургундар жардам берсе болот. Качан гана аким тарабынан техника бөлүнүп берилсе ошондо бул маселе чечилет да сугат суу баарына тең жетет.

Анда бул сугат сууну качан алып келесиздер? Качан оңдоо иштери башталат?

Убактысын бир мезгилин айтуу кыйын качан гана бизге техника келсе башталат. Башталгандан кийин бат аракеттенип тургундарга сугат сууну убагында жеткирип беребиз.

Бул сугат сууну алып келип тургундардын баарына жеткирүү үчүн канча каражат керек?

Башталбаган ишке канча каражат кетерин билбейбиз. Бирок учурда мчс да айыл өкмөтү да обиомун чыгарып жатышат. Тез аранын ичинде белгилүү болуп калат.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Адилет Канат уулу

Редактор: Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды