“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чкалов айылында сел болгонуна байланыштуу көпүрө экиге бөлүнүп калды

22 Май 2016 жыл 21:17
Көрүүлөрдүн саны: 46

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылындагы көпүрө сел болгонуна байланыштуу тең экиге бөлүнүп калды. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.

image

Чкалов айылынын айыл башчысы Полот Табалдиевдин айтымында, көпүрө  2009-жылы курулуптур. Негизи башында эле курулуп жатканда туура эмес курулуп ортосу өйдөрөк болуп калган экен.

image

Кийин жакында сел жүрүп сайдан суу көп агып ошонун таасиринде көпүрө экиге бөлүнүп калды. Бул көпүрөнү оңдоого биздин каражат жетпегени үчүн башка айыл өкмөттөр да жардам берип жатышат -деп айтты Табалдиев.

image

Ошол айылдын тургуну Талантбек Аттокуровдун айтымында, азыркы кезде көпүрөдөн өтүп жатканда чочулайбыз, балдарыбыздан коркобуз.

image

Тезирек эле оңдоп беришсе жакшы болмок. Эгер оңдолбосо анда биз аралда калып калгандай эле болуп калабыз -деген оюн билдирди Аттокуров .

Автору: Адилет Канат уулу

Редактор: Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды