“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чкалов айылы таза суу менен камсыз болду

22 Май 2016 жыл 21:46
Көрүүлөрдүн саны: 93

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылы таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу биз айыл башчы Полот Табалдиев менен маек курдук.

image

Саламатсызбы, Чкалов айылы таза суу менен камсыз болуптур бул таза суу качан келтирилген?

Чкалов айылы таза суу менен  2015-жылдын ноябрь айында камсыз болуп сууну иштете башташкан.

image

Мурда таза суу жок мезгилде кайсыл жерден суу алат элеңер?

Мурда биз мал ичкен ток ичкен бүт эле жогорку айылдардын таштандылары агып келген сайдан суу алат элек.

Таза сууну кайсы жерден алып келдиңер?

Бул жерден 4 жарым километр алыстыкта кыр-таш деген жерде булак бар болчу сууну ошол жактан алып келгенбиз.

image

Суу ким тарабынан алынып келинди?

Бул ишке мамлекеттин салымы чон айыл өкмөтү жардам берди албетте элдер менен чогу.

Канча каражат кетти?

Жалпы каражатты эсептегенде 2009700 сом каражат кетиптир.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Адилет Канат уулу

Редактор:Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды