“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Бир-Май: Айылдагы бала-бакча кайрадан иштей баштадыбы?

22 Май 2016 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 43

Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы бала-бакча кайрадан иштей баштады. Биз бул маселе тууралуу  N 21-жеткинчек бала-бакчасынын директору Мавлюда Бабанова менен маек курдук.

image

image

Биринчи жолу бала-бакча канчанчы жылы курулган?

Биринчи  1963-жылы союз мезгилинде курулуп, кайра 1991-жылы иштебей жабылып калган.

Кайра бала-бакча качан иштей баштады жана абалы кандай болчу?

Абалы абдан эле начар болчу. Эшиктери терезелери сынак эле. Бирок ал нерсеге карабастан балдарыбыз жакшы тарбия алышсын деп  2012-жылы өзүбүз анча мынча жерлерин оңдоп кайрадан иштете баштаганбыз.

image

Качан толук оңдоо болду?

2015-жылдын күз мезгилинде оңдоо иштери башталган болчу. Азыркы кезде бардык жери таза жана жаңы болуп калган.

image

image

Оңдоо ким тарабынан болду?

Кеңеш айыл өкмөтү жана айыл тургундары колдорунан келишинче көмөк көрсөтүштү.

image

image

Оңдоо иштери качан аяктады?

2015-жылдын сентябрь айында башталып ноябрь айларында толук оңдодон өтүп иштей баштаганбыз.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат.

Автору: Адилет Канат уулу

Редактор: Айназик Бообекова

Сынак үчүн

Телефондон жазылды