Сурамжылоодо айыл тургундар таштанды маселесин айтышкан, биз ал маселе туралуу айыл башчы менен маек курганбыз, бирок тилеке каршы ал маселе чечилген жок. Ошол себеп айыл башчы менен экинчи ирет маек курдук.
Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин
айтымында, айылда сел болгонуна байланыштуу Чкалов айылындагы жол көпүрө кулап түшүптүр. Таштандылар ошол айылдын Таш-Көпүрө деген жерине тогүлөрүн билдирди.
-«Учурда көпүрө оңдолуп жатат, оңдодон өткөндөн кийин өзүбүз айткандай эле унаалар келип таштандыларды алып кетишет»-деп айтты Дөлдөев.
Ошол айылдын тургуну Асалкан Абдраемованын айтымында, элдик жыйындарда таштандыларды унаалар келип, ар айдын 15-де өздөрү алып кетет деп айыл өкмөт айткан экен.
-«Ошентип айтканына байланыштуу биз таштандыларыбызды көчөгө алып чыгып койгонбуз, бирок алып кетишкен жок.
Батырак алып кетишсе жакшы болмок айыл да тазаланып, эгерде таштандылар көчөлөрдө тура берсе күн ысыкта жыттанып оорулар пайда болушу мүмкүн»-деп айтты Абдраемова.
Автору : Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды