“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Жол чырактар маселеси тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

12 Май 2016 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны: 189

«Ооган-Талаада жол чырактар иштөөдөн чыкты, түнү жолдо баса албай жатабыз, айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Могол айыл өкмөтүнүн жетекчиси  Эркин Турдукулов менен маек курдук.

image

Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз, сурамжылоодо тургундар түнкү жол чырактардын иштебей тургандыгын айтышты. Бул

маселенин себеби эмне?

Бул жол чырактар күйбөй турганынын себеби 2015-жылы айыл тургундарга ток жетишпей бир транспорматор коюп бергенбиз. Ошондо тургундар столбадагы нолөвой линянын 50 метрдей жерин ошол линяга тартып жиберишиптир ошол себептен азырынча иштебей турат.

image

Бул маселени чечсе болобу? Эгер болсо

кантип?

Ооба чечсе болот кайра ошол линяны бошотуп ал жерге зым тартып берсек жол чырактар мурдагыдай эле иштейт.

image

Качан оңдоо иштери башталат?

Мындан да башка баштаган иштерибиздин бүтүп, жол чырактарды  оңдоону 15 күндүн ичинде баштайбыз.

image

Канча каражат кетет?

Азырынча билбейбиз, ишти баштагандан кийин анан билинет.

Качан оңдоо иштери аяктайт?

15-күндүн ичинде баштасак, бат кылып 1 айдын ичинде көчөнүн башынан аягына чейин жарыктандырылып берилет.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Эсен Аскарбеков

Сынак үчүн