“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында экинчи ирет сел жүрүп жолдор тосулду

12 Май 2016 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 173

Ооган-Талаа айылында экинчи ирет сел жүрүп жолдор тосулду. Айыл тургундарынын үйүнө чейин сел кирип жабыр тартышты.

image

Ошул айылдын тургуну Айсалкын Абдраймованын айтымында, түнү менен катуу жамгыр жаап эрте мененки саат 6:30 жарда сел үйүнүн ичине чейин каптап кирип кетиптир.

image

image

Биз ал убакта уктап жатканбыз суу шарылдап үстүбүзгө агып кирди, буюмдарыбыз калган жок кошуналарымдын үйүнөн тамактанып жашап калдык, аким болсо келип биздин абалыбызды көрүп жардам бербей кетип калды деп айтты-Абдраймова.

image

image

Ал эми ошол эле айылдын тургуну Жайлоокан Рахманона нын айтымында, таңгамал сел басып бир гана эгиндерин эшигин эмес үйүнүн ичине чейин кирип кеткенин айтты.

image

image

Сел биринчи жолу эмес экинчи жолу келди бирок мурда мынчалык катуу келген эмес эле, айыл өкмөт бар экен эле жардам берилип жатат жада калса дарыгерлер үйүбүзгө келип текшерип кетишти деп айтты ал.

image

image

Айыл башчы Муктар Калдаровго кайрылсак:
100 дөн ашык адамдын үйүнө сел кирип анын ичинен  4 үй жараксыз деп табылды. Ал эми ар түрдүү жардамдар көрсөтүлүп жатат  тургундарга,учурда жолдор оңдолууда деп айтты -Калдаров.

Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу

Сынак үчүн