“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Таштанды маселеси тууралуу айыл башчысы эмне дейт?

11 Май 2016 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны: 178

«Ооган-Талаада таштандылар көбөйүп жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айыл башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.

Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоого таянып тургундар таштанды маселесин айтышты. Бул тууралуу эмне дейсиз?

Чынында таштандылар айылда көбөйүп кетти. Биз ал маселени айылдык депутаттар менен сүйлөшүп, ар айдын  15-де машина менен чогултуп бир жерге төгөбүз деп элдик жыйында тургундарга айтканбыз.

Ал таштандылар кайсы жерге ташталат?

Бул  таштандылар биздин коңшу Чкалов айылынын таш көпүрө деген жерине төгүлөт. Тургундар таштандыларын көчөгө алып чыгып койсо өзүбүз топтоп алып кетебиз.

Негизинен бул машина келтирилеби?

Келтирилет, 15-майда келсе көрөбүз, тургундарга айтып эле жатабыз таштандыларды көчөгө алып чыгып койгула деп.

Бул машина ким тарабынан келтирилет жана айлык маянасын ким төлөйт?

Машина айыл өкмөтү тарабынан келтирилип жатат. Анан айлык маянасын ар бир үй-бүлө 20-сомдон топтоп беришсе жакшы болмок себеби айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз болуп жатат. Тургундарга бул тууралуу айтып жатабыз.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.

Сынак үчүн