“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Айылдагы оңдолуп жаткан төрөт үйү эмне болду?

11 Май 2016 жыл 18:44
Көрүүлөрдүн саны: 172

Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн абалы начар болгонуна байланыштуу тургундар арызданып жатышкан эле. Учурда толук оңдодон өтүп жатат.

Биз бул тууралуу төрөт үйүнүн жетекчиси Бактыкан  Абдирешова менен маек курдук.

Төрөт үйү канчанчы жылы курулган?

1983-жылы мамлекет тарабынан курулуп ишке берилген.

Төрөт үйүнүн абалы кандай эле?

Курулгандан бери толук оңдодон өтө элек болчу. 2015-жылы чатыры жабылган.

Оңдоо качан башталды?

2016-жылдын башында башталып ички бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөрү жана ошондой эле ысык суу муздак суу менен камсыз болду.

image

image

Учурда төрөт үйүнүн сырткары бөлүгү толук оңдодон өтүп жатат.

image

Бул төрөт үйү ким тарабынан оңдолуп жатат жана канча каражат кетти?

Мамлекет тарабынан оңдолуп жатат жана чатыры жабылып ички бөлмөлөрү оңдодон өткөндө 2 000 000 миң сом кетти, ал эми сырткы бөлүгүнө 2 036 890 сом каражат кетти.

Оңдоо иштери  качан аяктайт?

Баары бат бүткөнгө аракет кылып жатышат. 1-2 айдын ичинде оңдоо иштери бүтөт.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат.

Автору: Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.

Сынак үчүн