Айыл тургундардын эң көйгөйлүү маселеси, балдары бала-бакчада тарбияланбай жаткандыгы экен. ЖМБ дун кабарчылары айыл өкмөткө кайрылышса бир жылдан кийин куруп беришерин айтышты.
Могол айыл өкмөтүндө 20-жылдан бери орун басар болуп иштеп келе жаткан Алыбаева Бактыгүл эже ЖМБ дун кабарчыларынын бардык суроолоруна жооп берип өттү.
Кабарчы: Айылдагы бала-бакча кичине болгонуна байланыштуу бардык жаш балдар бала-бакчага келиши мүмкүн эместигин билесиздерби?
Орун басар: Тилекке каршы билебиз. Айылда 1000 ден ашык 6 жашка чейинки жаш балдар болсо анын ичинен 100 эле бала бала- бакчада тарбияланат.
Кабарчы: Бул көйгөйдү чечсе болобу?
Орун басар: Албетте болот, ал үчүн жаңы бала-бакча куруп беришибиз керек.
Кабарчы: Качан кеңейтилет?
Орун басар: Биз кеңейтбей эле жаңы куруп берели дегенбиз, жаңы бала-бакча куруу планга киргизилген.
Кабарчы: Канча каражат бөлүнөт?
Орун басар: Жаңы куруу үчүн 2 000 000 миллион сом каражат бөлүнүшү керек.
Кабарчы: Курулуш качан башталат?
Орун басар: 2017-жылы башталат, планга киргизилген . Дагы бир жылдан кийин курулуп башталат бала бакча куруу үчүн жер ажыратылган. Азырынча бир да бала-бакча жок Коктонду жана Чарбак айылдарына куруу үчүн пландын негизинде иштеп жатабыз деп айтты-Алыбаева.
Автору: Аяна Нурлан кызы
Сынак үчүн