Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене- тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.
Эркин Турдукулов атайын проектинин негизинде тосулуп жаткан тосмо жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.
» Бул аянтчага 250 миң сом бөлүндү. Иштеген усталар атайын тендерден утуп алышкан»- деди айыл өкмөтү.
Жумушчу Адишев Нурбектин айтымында бүгүн тосмо толук тосулуп бүтөт.
» Жумушту сегизинчи апрелде баштаганбыз. Толук бир жума иштедик. Буйруса бүгүн бүтөбүз»,- деп маалымдады жумушчу Нурбек.
Мектептин дене- тарбия мугалими Шакир Аликуловдун айтымында спорт аянтчасынын айланасы тосулбагандыктан булганыч абалда калчу.
» Аянтчага эшек, мал жандыктары кирип булгай берчү. Жада калса машиналар да өтүп, жолду бузуп өтөт. Аны биз аргасыздан окуучуларга тазалатып, оңдотчубуз. Эми окуучулар ойноочу жай таза жана тыкан турат»,- дейт дене тарбия мугалими.
Мектеп директорунун айтымында аянтка жакын жашаган эл тосмолорун жылдырып алышкан.
» Тосмо жок айланада жашаган эл чек араларын жылдырып алгандыктан спорт аянтча кичирээ баштаган эле. Тосмо тосулуп жатып кайрадан баары өз калыбына келтирилди»,- деди Омурзакова.
Автору: Айсулуу Эркинбекова.
Сынак үчүн.
Телефондо жазылды