Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада турат.
Могол айыл аймагына караштуу Кызыл- Суу айылынын тургуну Салкын апа чыгармачылыгын 1990- жылы макала жазуу менен баштаган.
«Тактап айтсам мугалиммин мен өзүм,
Окурманым оюңду айтчы сен өзүң.
22 жыл эмгектендим жазынып,
Ырахат эмес, наалатка мен кабылдым.
Кайсы күнү жакшы чыкса сабагым,
Ошол күнү ачык болду кабагым.
Өзүм сүйгөн кесибиме таянып,
Эчен суук, бороонуна чыдадым.
Семинарда бир мугалим жамандап,
Жар салынып газетага илиндим.
Эй мугалим ойлоноорсун сен дагы,
22 жыл тартуумдун таразасы 45 мөнөт элеби.»- деп жазганын айтат апа.
«Ошол чыгармадан кийин ырлар жаратып жүрдүм. Анан бир журналистке жоолугуп калдым. Китеп чыгарышыма ошол адам жардам берди. Биринчи китебим » Жер соорусу Арсланбоп санжырасы» болду. Бул китебим 2011- жылы жарыка чыкты. Экинчи китебим «Педогогикалык китеп» аты менен 2013- жылы чыкты. Ал эми «Аймактын чыгаан инсандары» аттуу китебимди үч жылда чыгардым.
Ийгиликтин эрте кечи жок экен. 69 жашка келгенде мүчөлүү билет алып отурам»,- деп баяндайт Нуркулова.
«Мен пенсиямдан башка акча албагандыктан акыркы жазган китебим басмаканада турат. Акчам болгондо алам деп жатам.»,- деди Салкын апа.
Автору: Айсулуу Эркинбекова.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды