“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Окуучулар менен космоско саякат

13 Апрель 2016 жыл 6:07
Көрүүлөрдүн саны: 532

12- апрель космонавтика күнүнө карата рефарат, плакат жана кол өнөрчүлүк конкурсу болду. Ооган- Талаа мультимедия жамаатынын волонтерлору кече өткөрүштү.

image

5-11 классынын окуучулары плакат чыгарышты.

image

Буклеттерди  10- 11- классы жасады.

image

10- классынын окуучусу  Бакыт Шермат уулу чоподон ракета жана башка буюмдарды жасап келген.

image

» Мен бул нерселерди ылайдан, чоподон жасадым, себеби кызыгам. Колумдан келгенче аракет кылдым. Менден кенжелерге жакшы үлгү болсом дейм»,- дейт Бакыт.

image

Ооган- Талаа ЖМБнын( жамааттык мультимедия борбору) волонтерлору атайын окуучулар учун кече өткөрдү.

image

Окуучулар аттарын жылдыз деп атап, космоско тиешелүү ыр саптарды айтып өттү.

image

Кече кызыктуу оюндар менен коштолуп, белек берилди.
11- классынын окуучусу Эламан Алиев оюнга катышып белеке ээ болду.

image

» Мен сүрөт тартканга кызыгам, андыктан маркер мага керек болот деп ойлойм( күлүп)»,- деди жаш сүрөтчү.

image

Кыздар кечеге жакшы катышып, көрүүчүлөргө заманбап бий тартуулашты.

image

13- апрель жумалык жыйынтыкталып, активдүү катышкан окуучулар грамота менен сыйланды.

image

Автору: Айсулуу Эркинбекова.

Сынак үчүн

Телефондон жазылды