№17 С.Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогу катышты.
Деректордун орун басары Гүлназ эжекенин айтымында, бир жума окуучулардын ата-энелерине ачык эшик жумалыгы уюштурулду.
Жумалыктын эң негизги себеби ата-энелер, мектеп менен тез-тез байланышып, балдарын көзөмөлгө алуу экен.
Жумалыктын биринчи күнүндө ата-энем жана мен деген темада башталгыч класстын окуучулары ата-энелери менен катышып кетишти.
Кийин 5-6-класстар үчүн биз шамдагай уйбүлөбүз деген темада оюн болду.
7-8-класстар үчүн ата-энелери менен чогу волейбол оюну болуп өттү.
Автору: Айназик Бообекова
Сынак үчүн