Базар-Коргон районуна караштуу Коктонду айылындагы фаптын абалы начар. Айыл тургундар фаптын ичине кирип дарылануу коркунучту экенин билдиришти.

Миңбаева Атыргүл фап та акушерка болуп иштейт. Фап абдан коопту болгону менен азыркы кезде да иштеп келе жатабыз. Бул жерде жаш балдарга эмдөө жана ошондой эле биринчи жардамды да көрсөтөбүз деп айтты-ал.
Атыргүл эженин айтымына караганда, фапта бир акушерка, бир санитарка, бир врач, бир каролчу болуп иштешет экен.

Фапта апараттар жетишсиз болгонуна байланыштуу көпчүлүк адамдарды райондогу ооруканаларга жиберерин билдиришти.
Касымов Бакыт фапта каролчу болуп иштейт. Анын айтымына караганда, фаптын ичи суук, плита менен жылытышат, анан да фап кичинекей 6 бөлмөнүн 3 чөсү гана иштейт экен.
Шарттары жок, бизде узи сыяктуу апараттар да жетишсиз. Айыл өкмөт жардам бербейт. Бизге жаңы фап салып беришсе жакшы болмок-деп айтты Касымов.

Орунбаева Өктөм ошол айылдын тургуну. Анын айтымына караганда, фаптын ичи суук, абалы да начар ичине киргенден коркошарын айтты.
Ошондой эле бизге айыл өкмөт жардам бербейт, карабайт, бирок бул жасаган иши туура эмес да деген оюн билдирди.

Айыл өкмөт Эркин Турдукуловдун айтымында, фап эски жана жараксыз экенин билебиз, биз барып элдер менен маектешкенбиз. Фап бул элдин күчү менен курулган, биз эч кандай жардам берген эмесбиз.
Шарттары жок болсо да элге кызмат кылып жаткан докторлорго чоң рахмат. Элдер менен маектешип негизги каражат бөлүнсө эле жаңы фап куруларын айтканбыз.

Жакында эле керектүү нерселерин алып барып бергенбиз. Дагы барып жыйын өткөзүп келсек деп жатабыз, чечишип каражат бөлгөнгө аракет кылабыз-деп айтты айыл өкмөт.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн