№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.

Окуучулар сахнага чыгууга даярданып жаткан мезгил.

2-а классынын окучулары концертти баштап, эне жөнүндө ырларды ырдап жаткан учур.

Кичинекей бөбөктөр кара жорго бийин бийлеп жатышат.

Ырлары менен жалпы аял затын куттуктап жаткан мезгил.

2-в орус классы болгонуна байланыштуу орус бийин бийлеп жатышат.

Жагымдуу маанай тартуулап кыргыз бийин бийлеп жатышат.

Өздөрүнүн жылмайуусу менен башка адамдарды жылмайткан кыздар. Көрүгө келген ата-энелер да мугалим эжелер да куттукташканына рахмат айтып кетишти.
Автору: Заир Таирбек уулу
Сынак үчүн