Базар-Коргон районуна караштуу Жылдызбек бала бакчасы 2012-жылдан тартып иштеп келет. Бирок бала бакчанын толук шарттары жок.
Жылдызбек бала бакчасынын деректору Назгүл Токтомуратова. Анын айтымында: бала бакчанын толук шарты жок. Бала бакча 2012-жылы ачылган.
Бала бакчага келген балдардын саны 117. Бул жерде 19 тарбия берүүчү иштейт. Бала бакча төрт тайпага бөлүнөт.
Чон тайпада мектепке чейинки даярдык иштер жүрөт. Китеп окушат,тамга жатташып, орус тили менен чет-тил ден сабак өтөбүз.
Ошондой эле Айбек Чомоев чоң жардам берип, Бала бакчага жетишбеген бардык нерселерди алып берди.
Кемчилдиктер бар, бул эски имарат болгонуна байланыштуу таар бөлмөдө бир тайпа окушат, ойношот, тамактанышат.
Айыл өкмөт колунан келгенче жардам берет. Мисалы: ремонтко, курулушка, күнүмдүк каражатка. Бирок жетишсиз болсо да 3 жылдан бери иштеп келебиз.
Жылдызбек бала бакчасына дагыжардам көрсөтүп, кеңейтип, таза суу менен камсыз кылып, балдарга ойночу жай салып беришин суранабыз.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн