Базар-Коргон районуна карашту Көктонду айылындагы чеберчи эже өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөнттү. Чеберчиликти 3-классында эле билчүү экен.
Айчүрөк эже чеберчиликти кичине кезинен эле жакшы өздөштүрүп, 3-классында эле килем сокконду билчү экен.
Жаш мезгилинде эле курак курап, көйнөк тигишти билчү. Турмушка чыккандан кийин кайненесинен чеберчиликти толук үйрөнуп, чеберчилик кесибине ээ болуптур.
Апам да чеберчиликти жаш кезинен эле билген экен, менда апамдын жолун жолдоп келе жатам.
Азыркы мезгилде көбүнчө кыздардын себин тигип, курак курап, сайма сайып, шырдак жасап адал акча таап жатам.
Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм, себеби өзүмө жагат. Кесибимди жакшы көргөндүктөн кызыгуу менен иштейм. Кыздар келип үйрөнүп кетишет. Баарына жардам бергени даярмын деп айтты-Исмайилова.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн