“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районундагы эки айылды бириктирип туручу көпүрө жараксыз

1 Март 2016 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 46

Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортонку айылды бириктирүүчу көпүрө жараксыз. Жамгыр жааган  сайын жер көчүп жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.

IMG-20160301-WA0042

Узун көчө айылынын тургуну Мирланбек Касымовдун айтымына караганда: көпүрө жараксыз, тактайлары чирип калган ошого байланыштуу өтүүдөн коркушарын айтты. Мурда бул көпүрөнү айыл тургундар өз каражаттарына ылайыкташтырып тургузушкан экен.

IMG-20160301-WA0040

Балдар мектепке баргандан коркушат себеби көпүрөдөн өтүп баруу кыйын. Көпүрөнүн тактайлары өтүп бара жатканда кыймылдап кээ бир жерлеринде тактайлар жок.

Дукөнгө да бара албайбыз. Карыялар жана балдар өткөнгө коопту. Жаш балдарыбызды өзүбүз өткөрүп келебиз деп айтты-Касымов.

IMG-20160301-WA0041

Ортоңку айылдын тургуну Назгүл Токтомуратова бала бакчанын деректору. Көпүрөдө басуу ыгайсыз. Жамгыр жааган сайын жер көчүп жар болуп жатат экен.

Айыл өкмөттөн эч кандай жардам жок. Көпүрөнүн түгүнөн көп суу агат, көпүрөдөн өтүп жатып кол-бутубузду чыгарып алган да учур болгон.

IMG-20160301-WA0043

Чекелеринде тосмо жок,  балдарыбыз түшүп кетсе өзүбүз жооп беребиз. Бизге жаңы көпүрө курулса эки айыл биригип, балдарыбыз да өзүбүз да кыйналбай калат элек деди- Токтомуратова.

Автору: Алина Ысманбекова

Сынак үчүн