Кызынын полеартрит ооручунан кийин кыймылсыз эле жан болуп калганын Алишер ага айтат. Курманжан кайрадан мектепте билим алууну каалайт.
Кызынын денсоолугу башта жакшы болгонун Алишер ага маалымдайт.
» Кызым экинчи классты окуп баштаганда шатыдан жыгылып, буту сынып, кыйшайып калган. Кызымдын келечегин ойлоп, бутун түздөтүү үчүн тез тез гипстете бериптирбиз. Алты ай гипсте жургөн Курманжанга суук тийип, полеартрит оорусуна кабылды.
Жалалабат шаардык дарыканада даарыландык, бирок натыйжа бербеди. Алар үйгө чыгарышты. Айылдын дарыгерлеринин жардамы менен Бишкектен врач чакырттык. Учурда кызым кыймылга келип, колуна буюм кармап калды.
Бул ооруга чалдыккандан кийин буту колу иштебей, такыр кыймылдабай калды эле. Врачтарга чоң рахмат. Кокусунан сыркоолоп калса да, айылдагы врачтар бекер даарылап беришет.
Буйруса кызым сакайып кетет деген үмүтүбүз чоң. Азыр кызым тизелеп жылып калды»,- дейт кубанган Алишер ага.
Курманжан эжекеси берген тапшырмаларды жакшы көрөт.
» Мен кыргыз тили жана адабиятынан окуп жатам. Мага эжекем макал, табышмак,манас, жомокторду үйрөттү. Жакшы окуп врач болом. Адамдарды операция кылып дарылайм. Дагы сүрөт тарттканды жакшы көрөм. Көбүнчө көйнөктөрдү тартам, анткени көйнөк кийип мектепке баргым келет.
Азыр да мектептеги досторум келип турушат. Алар менен сабак карайм, ойнойм»,- деди Курманжан Алишер кызы.
Курманжан күчтүү кыз экен.Ага бекем денсоолук. Толук сакайып, тилеген ой максатына жетишин каалайбыз.
Автор: Айсулуу Эркинбекова.
Телефондон жазылды.
Сынак үчүн.