Азыркы убакта Көк-Алма айылынын жолдоруна асфальт төшөлүп жолдор оңдолду.
Тургундарга,окуучуларга жана айдоочуларга жолдо жүрүүгө ыңгайлуу болууда.
Жогорку кеңешинин «Ата- Мекен» партиясынын мүчөсү Сайдилла Нышанов өз айылына кам көрүп,айылынын жолдоруна асфальт төшөп берген.
Азыркы учурда жолдо жүрүүгө ыңгайлуу.Асфальтты август айынын башында баштап айдын акырында аякташкан.
Магал айылдын тургуну Көчөрова Бегимай асфальт төшөлгөндөн бери жолдор оңолуп,басууга ыңгайлуу болуп жатканын билдирди.
» Асфальтты бизге Нышанов Сайдилла агабыз төшөп берди.Таза суу чыгарып,мечит куруп элге кызматын өтөөдө.Мурда жолдорубуз таштак жаман болчу,азыр жакшы машиналар тынымсыз каттап,балдарыбыз кеңири ойноп,окууга барып-келип жатышат.
Мурун асфальт төшөлө элегинде жол кырсыктары да болуп турчу»,-деди Көчөрова Бегимай.
Акматова Саламат дүкөнчүнүн айтымында мурун жолдор өйдө-ылдый, таш болгон.
«Жолдо жүрүү ыңгайсыз эле.Бизге жолду өзүбүздүн депутат балабыз төшөп берди.Азыркы убакта жолдор тегиз, басууга ыңгайлуу.Бир гана айыл тургундары асфальтка трамплин коюп берүүнү суранууда”,- дейт Саламат эже.
Ошол айылдын айыл башчысы Раманов Зулумбектин асфальт төшөлгөндөн бери тургундар кубанууда экенин айтты.
” Жумуш август айынын башында башталып,айдын акырында соңуна чыкты.Айыл тургундары өз күчүн аябады,бирок акчалай жардам бере алышкан жок»,- деп маалымдайт айыл башчы.
Авторлор: Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибаграгим кызы.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды.