“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чарбак айылына жаңы мектеп курулууда

13 Ноябрь 2015 жыл 7:50
Көрүүлөрдүн саны: 70

Чарбак айылындагы мектепеп эски болгондуктан,жаңы мектеп курулуп жатат.Жаңы курулуп жаткан мектеп заманбап толук талапка жооп берерлик мектептерден.

image

Бөрүбаева Карамат Чарбак айылынын тургунунун айтымында эски мектеп колдонууга мүмкүн эмес абалда болгон.

«Балдарыбызды кышында мектепке жөнөтүүдөн коркот элек.Азыркы учурда жаңы мектеп курулуп жатат.Курулушу жакшы болууда.Спорт зал,ашкана жана жуунучу бөлмөлөрү ичинде.Жаңы мектеп бүтүп балдарыбыз жакшы билим алышына тилектешбиз”,- деди Бөрүбаева.

Чоң бригадир Муктар байке азыркы убакта  мектепте 32 бала  менен чогу иштеп жатат.

image

«Бул мектепти баштаганыбызга 2 жыл болду.2017-жылга биз мектепти тапшырабыз дегенбиз. Мектептин биринчи, экинчи кабаты бүтүп калды.Имараттын чатырына келдик. Бир, эки күндүн ичинде баштап, бир айдын ичинде бүтүрөбүз.

image

Бул мектеп негизи 270  балага эсептелген»,- дейт уста.

Орус-адабият мугалими Тажибаева Дилфузанын айтымында мектеп 2013- жылы директор Кочкоров Равшан агайдын барында башталган.

«Документтерди тапшырып,кийин агай көз жумду.Мурдагы мектептин  абалы  начар болчу.

Жаңы мектептин курулуп жатканы окуучуларга да,мугалимдерге да жакшы болду”,- деген сөздү айтты мугалим Тажибаева .

Авторлор:  Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибрагим кызы.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды.