Жардын жанында жашагандар коркунучта турушат. Жашоочулар бир топ алдын алуу чараларды көрүшкөн. Бирок жыйынтык чыккан жок. Көчөттөрдү эгишкен, бирок көктөгөн эмес.
Жар көчкү коркунучунун жанындагы жашоочулардын бири Матлюбанын айтымында: » Биз бул жерде айласыздан жашап жатабыз. Элдер көчкү болбойт деп айтышат. Бирок ал жер күндөн-күнгө жер жумшаган сайын көчүп келет. Биздин кашаабызга жетип калды. Жарда дарактар, өсүмдүктөр жок болгондуктан биз көчпөйт деп айта албайыз».
Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин айтымында:
«Биз үй бүлөлөрдүн коопсуздугунун алдын алуу үчүн чараларды көргөнбүз. Эгерде жашаган жеринен көчүп кетүүгө туура келсе, анда башка жерге там салып жашоо үчүн атайын жер участкасы бөлүнүп берилет. Жазгы, күзгү жаан чачындарда көчкү жүрө турган күмөн санаган жерлердеги жашоочуларга эскертүү иштерин жүргүзүп турабыз.»
Буга чейин 1998- жылы Үч-Кол колоту менен Талжырга колотунун ортолугунда 3 гектар жер көчкөн болчу. Ошондо 20дан ашуун үй-бүлөө көчүрүлгөн.
Айыл башчынын айтымында учурда эл аралык уюмдардын, мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жардамы менен элдердин арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Авторлор: Алия Курманбекова, Айдай Анарбек кызы, Гушаида Султанова.