Могол айыл өкмөттүн мүчөсүнүн айтымында быйыл социалдык объектилердин кышка даярдыгы жакшы. Социалдык объектилерге толугу менен отун жана көмүр жеткирилген.
Могол айыл аймак башчысынын орун басары Акылбек Каимов социалдык объектилердин кышкы даярдыгы туралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Быйыл кышка даярдык жакшы. Биздин айыл аймакта 7 мектеп, 2 бала бакча анан өзүбүздүн кантор, ушуга 200 тонна 540миң сомдук көмүр бөлүнүп, жеткирилип берилген. Андан сырткары бул социалдык объектилердин ар бирине 15 куб отун жеткирилип, кышка даярдык 100% бүткөн. Бизге көмүр жана отун жеткирип берүү үчүн интернетке атайын сынак(тендер) жарыяланып, жеңип чыккан фирма өзүнүн транспорту менен ташып, каржылаган. Мындан башка социалдык объектилерге 1500 сомдук электр ысыткычтар( плиталар) алып, иштетүүгө берилген. Бул иштерди аткарууда каражатты бизге мемлекет тарабынан бөлүнгөн»- дейт Акылбек мырза.
Авторлор: Чолпон Биймурзаева, Аиза Каныбекова, Зияда Дөөлөтбек кызы.