Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду.
Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.
Ошол айылдын экинчи молдосу Жолдошов Жамшитбектин айтымында бул мечит Аравия өлкөсүндөгү Асанабил компаниясынын тарабынан курулган.
«Эски мечиттин курулганына 25 жыл болду.Эски мечит курулгандан баштап мечитке каттап келе жатам.
Ал жака келүү да,жаңы мечитке келүү да ыңгайлуу себеби экөө бир жерге курулган.
Жаңы мечит курулгандан баштап жамаат көбөйүп,жада калса жаш балдар да кызыгып намаз окуп башташты.
Мечитти куруп берген компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,- деп айтат молдо.
Авторлор: Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибрагим кызы.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды.