Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн проекти жазылып жатат.
Жылдыз Бүргобаева айылга кар эрте жаагандыктан суук болуп, мөмөлөрүн үшүк алып кеткенин айтат.
«Короого памидор, балгарский, ашкабак, тамака кошкону түрдүү чөптөрдү эккен элек. Эрте суук болуп, баары кар түбүндө кала берди»,- дейт Бүргобаева.
Айылдын ичиндеги жолдор суу болуп, машиналар, жада калса адамдар жөө араң өтүп жатышат.
Ал эми жаш балдар үчүн коркунучтуу болуп калган.
Тургун Марат Токтобаевдин айтымында проект жазылып жатат.
«Бул көчөлөрдү оңдоп, шагыл төктүрөлү деп жатабыз.
Бизде каражат жок болгондуктан проекти жазып жатабыз. Буйурса проектибиз өтсө, жолдорго шагыл төгүлөт.
Айылдын ичиндеги жолдор гана эмес чоң жолдо кар жаагандан суу болуп кетерин окуучу Актилек айтты.
Мектепке жеткенче бутум суу болуп калып жатат. Ал эми тратуарыбыз ылай жана эл жолго топурак, шагыл төгүп койгон. Жолдон өтө албайм»,- дейт Актилек Надир уулу.
Автору: Айсулуу Эркинбекова.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды.