№17 мектепке АРИС программасынын жардамы менен спорттук зал курулду. Окуучулар спорттук оюндарды залда өткөрүүдө.
Зал 2014- жылы курула баштаган эле. Элдин салым жана АРИС программасынын жардамында зал курулуп, колдонууга берилди.
Ачылыш кечеси болуп, жылкы, кой союлуп, үч боз үй тигилди.
Ачылышка АРИС жетекчилиги Базар-Корго районунун акими Ооган-Тааа жана коңшу айылдын эли катышып, конок болуп кетишти.
Мектептин 1964-жылы бүтүрүп кеткен окуучу Россиядан келип катышып, белеке музыкалык жабдыктарды, ноутбук тартуулады. Окуучулар концерттик программаларды даярдап, келген конокторго тартуулашты.
Окуучулар эми дене-тарбия сабагын спорттук залда өтө баштады. Туштон кийин волейбол үйрөтүүчү атайын сабак ачылды.
Эми мектептеги иш чаралар жана дискотека спорт залда өтмөкчү.
Залда кийи койчу жана жуунучу кана да бар.
Автору: Айсулуу Эркинбекова