“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган- Талаадагы төрөт үйүнүн абалы жакшырды.

3 Октябрь 2015 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны: 67

Ооган- Талаа айылындагы төрөт үйүнүн чатырын жаңылоодо “Ата-Мекен” партиясы жардам берген. Абалы начар болгон имараттын ички каналары  реммонттолгон.

Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүндөгү в.рач- гниколог Бактыкан Абдирешованын айтымы боюнча шайлоого чейин эле “Ата-Мекен” партиясындагы Сайдулла Нышанов төрөт үйүнүн чатырын жаңылап берген.

20151003_123655

“Ошондой эле ашкана куруп, УЗИ бөлмөсүн ,балдар бөлмөсүн бөлүп оңдоп берген. Андан тышкары суу сактоочу жай куруп,ысык суу ,муздак сууну чыгарып бергени жатат”,- деди врач.]

20151003_100805

Төрөт үйүнүн ички ремонту бүтүп тышкы ремонту калганын медсестра айтат.

20151003_123248

“ Буга чейин оорукананын ички абалы начар эле. Азыркы учурда толугу менен ички ремонт болду”,-деп маалымдайт медсестра Гүлсара Балтабаева.

20151003_123545

 

 

 

Даярдагандар:  Бурулсун Алимбек кызы, Аяна Нурлан кызы, Айдай Анарбек кызы, Махира Сапарбек кызы.