“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Падыша-Атанын сөөгү ордунан жылбай калгандыгы үчүн Кыргызстанга коюлган

21 Сентябрь 2015 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны: 61

image

Кыргыз ресбупликасынын Аксы өрөнүнө Падыша деген Казакыстандык баатыр инсандын сөөгү коюлган.

Жоламан Азатбеков 15 жылдан бери Падыша-Ата жайын сыйынуучу жай кылуу үчүн жакшыртуунун аракетинде болгон.

«Мен бул жерге үй салып бала- чакам менен көчүп келгем. Көчүп келгенимден бери бул жерди жакшыртуунун аракетиндемин. Зыяратчылар бул жерге көп келишет. Ошолор үчүн колумдан келген нерселерди жасап,кичине болсода жакшыртым», — дейт Азатбеков

image

Падыша Казакыстандын кайсыл бир жеринде падыша болуп бир топту башкарган. Азыркы убака чейин бул жөнүндө толук малымат жок.

image

«Уламыштарга караганда бул бир жердин падышасы болгон. Душмандары менен согушуп жатып жарадар болгон. Көпкө чейин ооруп жүрүп бир күнү жакын адамдарына өлүшү жөнүндө айтып, атасынын жанына койушун сураган.Падыша табытын ошол жака чейин  эч жерге койбой барышын жана бир жерге койсо ошол жерден көтөрө албай калышын айткан»,- дейт Жоламан.

Азыркы учурда Аксы өрөнүнүн Патыша-Ата айылында анын сөөгү сакталып турат.

image

«Табытты алып келе жаткандар чарчаганынан аны жерге койушат. Ошондон кийин ал ордунан жылбай калган. Ошондуктан табыт биздин өлкөдө калган»,- деп билдирди айыл тургуну.

Даярдаган: Синарида Турсунбаева