“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаанын эң кары тургуну 97 жашта

19 Сентябрь 2015 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны: 63

IMG_20150919_120204

Айылыбыздын эң кары тургуну Калдаркан Дөлдөева 1918-жылдын 17-апрелинде Моголайыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 13 жашында турмушка чыккан.

Учурда айылдын эң улгайган жашоочусу Калдаркан эненин үч кыз, беш уулу бар. Ал небере жана чеберелеринин санын көп экенин айтуу менен чектелди. Андан сырткары Калдаркан эне жакында биринчи кыбыралуу болгон.

Ал 1931-жылы Ооган-Талаа айылынын тургуну Тиркеш Дөлдөевге 13 жашында турмушка чыккан.

IMG_20150919_114818

Ушул жашка жеткиче башынан жакшы-жаман күндөрдү өткөргөнүн айтып өттү.

“Жакшы жүрдүм. Менин кылбаганым калган жок. Балдарым карап жатат”, — дейт Дөлдөева.

Көптү көргөн энебиз өзүнүн кеңештерин келиндеринен тартып кыбыраларына чейин айтыштан тажабайт.Ал бир нече наамдар менен катар “Баатыр эне” орденинин ээси.

IMG_20150919_114824

“Чалыма жана мага тийген медалдарыбыз бар. Көкүрөгүмө тагып жүргөн медалдарым бар. Баштыкка салып койгом”, — деп токтолду ал.

Айылыбыздын эң кары жашоочусу Калдаркан эненин бутунда тура алганы менен көп баса албайт. Мамлекеттен пенсиядан башка эч кандай жардам көрсөтүлбөйт, дейт ал.

“Балдарыма капачылыгым жок. Балдарым менен сыймыктанам”, — деп айтып өттү Калдаркан эне.

IMG_20150919_120225

“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары жашы жүзгө чукулдап калган Калдаркан энебиздин ак батасын алып кайттык.

Даярдагандар: Бакжайна Топчубаева, Айдана Дөөлөтбек кызы, Бурулсун Алимбек кызы, Бактыгүл Аскаралиева