“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаалыктар Базар-Коргонго маршруттук такси ачылышын каалашат

19 Сентябрь 2015 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны: 79

20150919_114428

 

 Тургундар Ооган-Талаа – Базар-Коргон маршруттук таксиси ачылсаайылдыктарга бир топ жеңил болоорун айтышат. Айыл өкмөтү айылга маршрут каттоосун ачса болоорун, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп көрөөрүн билдирди.

Ооган-Талаанын тургуну Айчүрөк Жамгырчиева коңшу айылдардан Базар-Коргонго коомдук транспорт каттаарын айтып, өз айылынанда каттап калса жакшы болот эле деген оюн билдирди.

“Бизден жогорку жакта жайгашкан айылдарда убак-убагы менен маршрутка каттайт. Баасы да төмөн. А биз канча бери жакта турсак да, биздин жол кирелер кымбат”, — деп токтолду Жамгырчиева.

Кызыл-Үңкүрдөн Базар-Коргон маршрутунун жол киреси 60 сом болсо, Ооган-Талаадан район борборуна такси менен баруу 70 сомду түзөт.

Ооган-Талаалык таксист Султан Розиевдин айтымында, эгерде айылдан маршрутка каттаса, тургундарга бир топ жеңилдик болмок.

IMG_20150919_113310

“Маршрут каттап калса  жол кире 30-40 сомдон болот эле”,- деди таксист.

Айыл аксакалы Мелис ата болсо бир топ жыл мурун Базар-Коргонго автобус каттаганын айтат. Бирок азыркы убакта автобустар жок болуп калгандыктан таксилер каттап калган.

IMG_20150919_114424

Айылдагы соодагер Нурадил Калдаров коомдук транспорт айылга керек деп эсептейт. Анткени таксисттердин атайын белгиленген каттам сааттары жок.

«Алар каалаган убакта келип кетип турушат.Маршрутка болсо белгиленген убакта каттайт. Бул эл үчүн ыңгайлуу.Өзүм үчүн да сарамжалдуу болот. Себеби дүкөнгө товар алып келиш үчүн жеке унаам менен барганда 300 сомдон, эгерде коомдук транспорт каттап калса болгону 100 сом сарптамакмын”,- деп маалымдады Калдаров.

Айыл тургундары күнүнө эки жолу маршрут каттаса дешет. Мектеп окуучусу Сыймык Турат бул эл капчыгы үчүн да жакшы болмок, дейт.

“Мага эртең менен анан түштөн кийин каттам болсо ыңгайлуу болот”, — деп билдирди айылдын дагы бир тургуну Майрам Аманкул кызы.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысыЭркинбек Турдукулов Ооган-Талаа – Базар-Коргон маршруттук таксисин ачса болоорун айтып өттү.

“Автобазадан уруксат алып, Ооган-Талаа – Базар-Коргон маршрут каттамын ачса болот.Транспортко канча адам чыгаарын караштырып, жол акысын канча болоорун эсептеш керек”,- деп маалымдайт айыл өкмөт башчысы Турдукулов.

Даярдагандар: Айсулуу Эркинбекова, Наргиза Мадатбек кызы, Аяна Нурлан кызы, Махира Сапарбек кызы