“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаада ууз-чебер каалоочуларга акысыз сабак өтүүгө даяр

19 Сентябрь 2015 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны: 204

20150919_114807

Ооган-Талаа айылынын тургуну Бактыкан Раманова ууз чебер. Ал саймалардын ондон ашык түрүн билет.

Раманова чеберчиликти 16 жаштан баштаган. Ал бул өнөр апасынан өткөндүгүн айтат.

20150919_115251

“Себеби апам да ууз чебер болгон. Кичинекей кезимде апамдын сайма сайганын көрүп, мен да чебер болууга умтулгам”, — деди айылдык чебер.

Ал үйүндө уул-кыздарына кийим тигип, неберелеринин бешиктерин жасап жүргөн. Андан сырткары Раманова төшөк жана башка ар кандай курак курайт.

20150919_115124

“Эгерде кыздар чеберчиликти үйрөнөм десе, үйрөтүүгө ар дайым даярмын. Акчасы канча болот экен деп ойлонбой эле койсоңор болот. Мен жөн эле кыздарга үйрөткүм келет”, — деп билдирди ал.

Ооган-Талаалык ууз тургундардан буйрутмаларды алып турат жана ал өзүн жакшы эле тигүүчүмүн деп эсептейт.

20150919_115000

“Себеби бир да адам жаман тигип коюпсуң деп келген жок”, — дейт Бактыкан Раманова.

Айылдын тургуну Канышай Османалиева Романовага буга чейин сеп буйрутма берип, аны өтө кыска убакытта бүтүрүп бергенин айтты.

20150919_114632

“Мен Бактыкан эжеге кызымдын себин бүтүрүп беришин суранган элем. Эң сонун кылып бүтүрүп берди. Бул эже илгерки ууз-чебер да. Илгерки саймаларды, курактарды билет. Үч күндүн ичинде бүтүрүп бериң дегенимде, ал айткан убактыма бүтүрүп берди. Анын үстүнө баасы да кымбат эмес. Биз кайсы бааны айтсак  да ыраазы болду. Мен мындан кийинки иштерине ийгиликтерди каалайм”, — дейт  Канышай эже.

Даярдагандар: Синарида Турсунбаева, Алина Ысманбекова, Жазгүл Жаныбекова, Азиза Ибрахим кызы