“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылынын тургундары кызуу эмгекте.

26 Июль 2015 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 77

Жапайы алманын сезону башталды.Алма кагы түрктөрдүн кызыгуусун арттырууда.

image

Ооган-Талаа айылынын тургундары эле эмес кошуна айылдын тургундары да талаа алмасы менен эмгектенип жатышат. Бул эмгектенүүдө ата-энелери менен биргеликте жайкы каникулун өткөрүп жатышкан ар бир үйдүн окуучу балдары да активдүү катышууда.

image

Бул эмгек балдарыбызды эмгекти сүйүүгө жаратылышка таттуу мамиле жасоого жана үй-бүлөө ынтымагына жолдойт.
Себеби алманын килограммынын баасы жылдагыдан жогору болуп үй-бүлөөдөгү керектелүүчү каражаттын көйгөйүн чечүүдө.

Ооган-Талаа айылында жайгашкан ОсО «Алайкуу» акционердик коомунун директору Рахматов Куламжан менен пикир алышууда төмөндөгү оюн билдирди:

image

Алманын  сезону июль айынын ортолорунан тартып сентябрь айына чейин созулат. Ал эми ошол мезгилде айылыбыздын,кошуна айылдардын тургундары жумушка чакырылат. Быйылкы жылы 55 жумушчу эмгектенип жатат. Ал эми жапайы алмадан как кургатылып жатат.

image

Күнүнө жапайы алма 20 тонна алынып жатат жана алмадан как жарылып кургатылат.

image

Эмгектенип жаткан жумушчулардын баары ушул иштерди аткарышат.

image

Кургатылган как Туркия мамлекетине алынып кетилет. Биздин жумушчуларга аябай жакшы маяналарды төлөп берет. Бул да болсо Жаратканыбыздын жаратылышынан берилген жылдык сезондук ырыскысы.

Даярдаган: Курманбекова Алия

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.