“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Кыргызстаныбыздын атагын алыска жеткирүүдө

15 Июль 2015 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 70

Кыргызстандын атын көптөгөн мамлекеттерге тааныткан Ооган-Талаа айылынын чыгаан жигити Козуев Абдыкадыр кик бокс к-1 боюнча 56 таймашка катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

image

Козуев Абдыкадыр өзүнүн өмүр баяны жана жеңиштери жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мен 1990-жылы Ооган-Талаа айылында жарык дүйнөгө келгем. 13 жашымдан тартып бокска катышып жатам. Азыр кик бокс к-1 деген бокстун бир түрүнө катышып келем.

image

Менин биринчи машыктыруучум өзүмдүн бир тууган агам Козуев Актам. Ал агам азыр кик бокс боюнча машыктыруучу болуп иштейт. 
2010-жылы Россиянын жеңүүчүсү болдум.

image

2013-жылы Ган-Конг шаарына бардым. Ал жерде 1-орунду алып, финалга чыктым.

image

Андан кийин Белорусияда биринчи орунду алууга жетиштим.

image

Көп өтпөй Тайлантта болуп, ал жерден да биринчи орунду ээледим.

image

Өзүбүздүн борборубуз Бишкекте да алдыңкы орунду алдым.

image

Ата-энем биринчи катышканымды билген эмес. Баары бир кийин билип калып каршы чыгышты. Бирок кызыксан айла жок экен.

image

Бул оюнга катышкандан бери 56 таймашта болдум. Анын арасынан 10 таймашына жеңилип калганына жеңишке жетиштим. Бокска 13 жашымдан катышсам 17 жашымдан кик бокс к-1 дин професионалы болдум.

image

Эми сентябрь айында Туркиянын Стамбул шаарына дүйнө жүзүнүн жеңүүчүсүнө барып катышам.

image

Кыргыздын атагын дагы да алыска чыгаруу үчүн дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам. Кудай буйруса чемпионатта жеңишке жетем деген үмүттөмүн.»-дейт Аббыкадыр Козуев.

Автор: Чолпон Биймурзаева жана Алия Курманбекова

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.