“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Курулуп жаткан спорт залга суу жетишсиз.

15 Июль 2015 жыл 22:08
Көрүүлөрдүн саны: 74

Мектеп директорунун айтуусу боюнча спорт залдын жуунчу бөлмөсүндө суу жетишсиз. Эжекенин айтымында бул мектептин бир чоң көйгөйү.

image

Өмүрзакова Давлет №17 С.Далбаев мектебинде иштейт. Спорт зал тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү.

image

«Айылыбызда жумасына үч  жолу 4 саат аралыгында суу чыгат. Ошол күндөрү гана окуучулар спорт залдын жуунчу бөлмөсүн колдоно алышат.

image

Мектепке ЮНИСЕФтин жардамы менен суу кампасы курулган. Ал кампадагы суу мектептин аш канасына, кол жуучу жайга жана окуучулардын өздүк гигиенасын сактоо үчүн иштетилет, кээде ал суу да жетпей калат. Спорт залдын жуунчу бөлмөсүнө иштеткени суу жетишсиз болуп жатат.»-дейт Давлет эжеке.

Сатар Бегалиев АРИСтин инженери болуп иштейт. Спорт залды текшерүүгө келип, ал туралууу айрым нерселерди билдирди.

image

«Спорт зал ушул айда бүтүп калат. Спорт залды куруу үчүн жазылган долбоордо суу жетиштүү делген. Биз спорт залдын жуунчу бөлмөсүнө керектелүүчү сууну кранга улап беребиз.

image

Долбоор боюнча суу маселесин биз чече албайбыз. Ал үчүн дагы бир долбоор жазышыңар керек»- деди Сатар Бегалиев.

Автор: Чолпон Биймурзаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.