“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аба ырайына байланыштуу быйыл жаңгак болбоду.

14 Июль 2015 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны: 34

Апрель айында кар жааганына байланыштуу быйыл жаңгак мөмө бербеди.

image

Ооган-Талаа айылынын тургуну,башталгыч класс мугалими Тойчиева Гулнара:

Быйыл жаңгактын болбой калгандыгынын себеби жаңгак амалга келе турган убагында кар жаап үшүк алып кетти.

image

Айылда жумуш жок болгондуктан көпчүлүк элге кыйынчылык болот деп ойлойм. Себеби эл сезонунда жаңгак менен иштешчү. Жаңгак жок болгондуктан көптөгөн жаш жараандар Россияга иштегени кетип жатышат. Ал эми калган эл өздөрүнүн жөндөмдөрү менен  иштей беришет деп  ойлойм. Бирок кийики жылдан жаңгак мөмө берет деген эле ойдобуз.

image

Ооган-Талаа айылынын пенсионери Тоюбаева Саадат:

image

Быйыл жаңгактын мөмө бербей калганы бул элдин бир чоң көйгөйү болуп эсептелинет.
Себеби айылда элдин көпчүлүк бөлүгү жумушсуз. Бизде токой чарба болгондуктан көпчүлүгү жаңгак менен тирилик кылышчу.Биздин ата-бабаларыбыз  жаңгакты үшүк алса эки үч жыл мөмө бербейт деп айтышчу.

image

Ооган-Талаа айылынын тургуну Укубаев Курманбек:
Жаңгактын жаңы бутактарын бир метрден үч метрге чейин үшүк алып кетти. Үшүк алган бутактар кургап калган. Бирок кийинки жылдан жаңгак мөмө берсе керек деген ойдобуз.

image

Автор: Курманбекова Алия
             Биймырзаева Чолпон

  Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.