Ооган-Талаа айылында спорттун бул түрү биринчи жолу болуп өттү.
Ооган-талаа айылынын тургуну Козуев Улукбек:
Бүгүн Россия Кыргызстан деген бокс оюну өткөзүлдү. Россиядан сборго келген спорт өнөрүнүн боксчулары менен Кыргызстаныбыздын борбору Бишкектен келген боксчуларынын эл аралык жолугушуу мелдеши болуп өттү.
Өзүбүздүн айылдан да бул мелдешке катышкандар жок эмес.
Мен спорттун бул түрүнө 1994-жылдан бери катышып келем. Азыр спортсмендердин тренери болуп иштейм.
Окуучуларды негизи 10 жашынан ала баштайбыз.
Мен эң биринчи болуп кик бокс менен баштагам. Красноярский Крайдын чемпионумун. Ал эми Россияда байгелүү орундарды алам.
2014-жылы бокс боюнча Анабада болдук. Ал жерден финалга чыгууга жетиштик.
Бишкектен келген катышуучулардын бири Мирлан Нарматов:
Мен бул оюнга үч айдан бери катышып жатам. Эки жолу соревнованияга катыштым. Биринчисинде жеңилип калгам,азыркы таймашта жеңишке жетише алдым.
Бишкектен келген спортсмендердин тренери Артыков Кеңешбек:
Мен спортко 13 жылдан бери кызыгып 18 жашымдан бери спорт менен алектенип келем. Азыркы мезгилде 22 окуучунун машыктыруучусу болуп иштейм. Бүгүнкү таймаш эң жогорку даражада өттү деп ойлойм. Уюштуруп чакырган оргагизаторлорго чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Спорт-ден соолуктун булагы эмеспи. Ошондуктан бул спорттук оюндар,таймаштар биздин жигиттерибиздин ден-соолугун чыңдап,кылмыштуулуктун алдын алат десек жаңылышпайбыз. Биз уландарыбызды спортко жакын болушун сунуштайбыз.
Автор: Курманбекова Алия
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.