Ооган-Талаа айылынан Кара-Көл айылына өтүүчү көпүрө көптөгөн маселелерди жаратууда.
Ооган-Талаа жана Кара-Көл айылынын тургундары көпүрө жок болгонуна байланыштуу жаз,күз,кыш айларында кыйналууда.
Нуржамал Мамазарова Кара-Көлдөн Ооган-Талаага келин болуп келген.Көпүрө жок болгонуна байланыштуу Жалал-Абад шаары менен үйүнө барарын жана көпүрөгө барган жол жар коркунучтуу экенин айтып өттүү.
«Мен бул жака келин болуп келгениме 20 жылдан ашты.Мен келгенде эле көпүрөнүн абалы жаман эле азыр өткөнүда коркунучту болуп калды.Жеңил машиналар болсо өтө албайт чоң машиналар дарыя аркылуу өтөт. Анын үстүнө жолу да өтө жаман,жар болуп кеткен, жолдон кичине тайып кетсен дарыяга түшүп кетесиң.Ал жактан үйүмдөгүлөр да тез-тез келе алышпайт,бизда тез бара албайбыз кез-кезде Жалал-Абад шаары аркылуу барып турабыз. Ал жака да жол кире керек болот. Ушул жака жаңы көпүрө курулса же көпүрөнү жакшырак оңдоп койсо жакшы болмок», -дейт Нуржамал эже.
Жашоочулардын айтуусу боюнча көпүрө жаңыланса бир жолу машина өткөнү ыңгайланыштырыдып курулса жакшы болот дешет.
Чындыгында эле көпүрөнүн абалы жаман.Көпүрөдөн өтүп жатканда ары-бери термелет экен.Басып баратканда такталардын учураактарын басып алсаң такталар көтөрүлүп кетет экен.Ал жерден өтүп жаткан адамдарды көрүп олтуруп биз коркунучка туштук.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынака.
Автор: Синарида Турсунбаева