Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошуп, турмуш жолуна аттанып жаткан кези. №17 мектеп район боюнча мыкты мектеп деп аталып, окуучу, эжекелерге грамоталар тапшырылды.
Бүтүрүүчү класс бир четинен кубанып, бир четинен кайгыга батып турушат. Бири-бири менен коштошкусу келбей жатканын айтышат.
Акыркы жолу консерттик программа коюп, мектебибиздин салты болгон жеңил бийин бийлемекчи.
Мектепке коноктор 20, 30 жылдыктар келишти. Ошондой эле райондон коноктор келип, грамота менен сыйлашты.
Мектептин мыкты эжекелери граммота менен сыйланып, Кадырова Фарида эжеке «Жылдын мыкты мугалими» грамотасын алды.
Окуучулар концерттик программа коюп, түштөн кийин окуучулар үчүн дискотека болмокчу.
Автору: Айсулуу Эркинбекова.