Могол айыл аймагынан келген энелер маданият үйүндө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Энелер үчүн чай уюштурулду.
Энелер күнүнө карата концерттик кече болду. Кечеге моголдон коноктор чакырылды. Энелер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, окуучулар энелерге белек кылып ыр ырдап, бийлеп беришти.
Правда айылынан келген эне кол өнөрчүлүк менен алектенет экен.
Ал шырдак тигип, төшөк жасап, кыргыздын оймо чиймелерин кийимдерге түшүрүп келиптир.
Ал эми Ооган-Талаанын тургуну Айзада Сыдыкова Толгонай эненин монологун аткарып берди.
Энелер кызыктуу көрүнүштөрдү көрүп, кызыка батып отуруштү.
Кызыктуу оюндар уюштурулуп, байгелер берилип жатты.
Жада калса апалар бийлеп, кеченин кызыгына батышты.
Кечеден кийин могол айыл окмоту сый тамак уюштуруп, энелер даам татып, сый көрүп кетишти.
Аткаргандар: Айсулуу Эркинбекова, Синарида Турсунбаева.