Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата бүгүн мектепте согушка катышкандарды эскерүү аземи болуп өттү. Окуучулар марш тебип, эстелике гүл коюп келишти.
Мектеп жамааты жана окуучулар эстелике барып, гүл коюп, куран окуп келишти.
Айыл өкмөтү, агай эжекелер согушка катышкандарды эскеришти.
Окуучулар балдар өспүрүмүнүн жетекчисине рапорт берди.
Окуучулар марш тебип, ыр ырдады. Маршка 7-11 класстары катышып, орундар берилди.
Эстелик айылдын маданият үйүндө болгондуктан, окуучулар мектептен маданият үйүнө чейин марш тебип, мектептин гимнин ырдап барышты.
№17 мектептин мугалими Кадырова Гүлнара класстар жакшы даярданганын билдирди.
«Окуучулар жакшы даярданышыптыр. Командалар маршты тегиз тебип өтүп
жатышты. Ар бир класс өзүнчө өзгөчөлөнүп турду»,- деди мугалим.
Жетинчи классынын окуучусу Актилек Надирбек уулу жаңы кошулуп, биринчи жолу катышып жатканын айтат.
Биз биринчи жолу марш тебип жатабыз. Мен кошундун башчысы болдум. Марш тебип, жеңиш ырын ырдадык. Башчы болгон кыйын экен, бирок мага жакты»,- дейт окуучу бала.
Даярдаган: Чолпон Биймурзаева, Айсулуу Эркинбекова.