“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Мектепте курулуп жаткан спорт зал майдын аягында ишке берилмекчи

6 Май 2015 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны: 76

Мектеп директорунун айтымында спорт зал майдын аягында бутуп ишке берилет. Спорт залды курууда элдин салымы чоң болду. Өз салымымды кошом деп эл менен жолугушуп кеткен «Ата- Мекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев акча кошкон жок. 

Давлет Омурзакова усталар жакшы иштесе, спорт зал 30- майда ишке берилерин айтат.

image

» Чыдамсыздык менен күтүп жаткан спорт залыбыз майдын аягында бүтсө, ачылыш аземи болуп, акыркы конгуроо ошол жерде өтмөкчү»,- деп директор маалымдайт.

image

Ал эми куруучу Кубаныч Акматов  акча убагында берилбей, курулуу иштери кечигип жатканын айтат.

image

» Бизге акча которуу кечигип жаткандыктан курулушка керектуу материалдарды ала албай калып жатабыз. Майдын аягында бүтүрүүгө арекет кылабыз. Бирок ал убакта бүтпөй калышыбыз да мүмкүн»,- деди куруучу.

image

Эл менен келип, жоолугуп кеткен «Ата-Мекен» партиясынын жетекчиси Текебаев спорт залга өз салымын кошом деп кеткен эле.Бирок акча кошкон жок.

Ал эми «Өнүгүү» партиясынын депутаты Мирлан Бакиров чеке өзүнүн атынан 80 миң сом кошсо, өз айылыбыздын кулуну, жеке ишкер Абдырахман Омурзаков150 миң кошуп, элдин ыраазычылыгын алышты.

Даярдаган: Айсулуу Эркинбекова.