“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чарбак айылындагы №36 мектепте волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.

6 Май 2015 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны: 38

Иш чара «Аталардын аты түбөлүкө өчпөйт» деп аталып, ар жактардан коноктор келип катышты. Волейболдук мелдеште жыйырмадан ашык топ ойноду. Иш чаранын жабылышында концерттик программа болду.

Губернатор, аким, айыл окмоту элди, окуучуларды тынчтыкка, достукка үндөп кетишти.

«Мекенибиздин келечек үчүн ар бир үй-бүлө өзүмдүн мекеним, жерим, элим деп жүрөгү согуш керек. Ал үчүн бири бирибизди урматтап, ынтымак, сый менен жашашыбыз керек,»- деди губернатор Жумагул Шариповна.

image

«Мындай иш- чаралар болушу үчүн айылыбызда тынчтык болуш керек. Эл арасындагы тынчтыкты бекемдейли. Ошондуктан мындай иш- чараларды токтотпой, ар бир айыл окмоттордо өткөзөбүз,»- деп аким Таалайбек Дөлдөев белгилеп кетти.

image

«Ынтымакты бекемдөөгө арналган спорттук мелдеш уюшулуп, район, мектептер, ички иштер бөлүмү тарабынан каржыланып оюн уюштурулуп жатат. Ар дайым ынтымакта бололу,»- деп маалымдайт могол айыл өкмөтү Эркинбек Турдукулов.

image

Волейбол оюну кызуу журуп, окуучулар активдүү катышты. Оюн калыстар тарабынан бааланып, топторго байгелер ыйгарылды.

image

№36 мектептин окуучулары чакан концерт коюп, келген конокторго өнөрлөрүн тартуулашты.

image

Оюнга келген окуучуларга жана конокторго тамак берилип, каалоочулар бийлеп жатышты.

Даярдаган: Айсулуу Эркинбекова.