“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа:Ак-шумкар командасы ройондон биринчи орунду алып келди.

5 Март 2015 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны: 140

«Кана эмесе жигитер» конкурсунда Ооган-Талаа айылынан чыгкан Ак-шумкар командасы айылдык турда да райондук турда да эң жакшы орунга жетишип областык турга жолдомо алып келишти.

image

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин организатору Арапат Абитова бул орунду алганы коптогон кыйынчылыктар болгонун,балдар өздөру абдан жакшы аракет кылганын айтып өтүү.

image

«Мен бүгүн аябай сүйүнүп, толкунданып турам.Айылдык турда эки команда жарышты.Алар Чыкалов айылынан келген «Эр жигит эл четинде-жоо бетинде» командасы жана өзубуздун «Ак-шумкар» командасы катышты.Областык турда 7 мектеп катышты 7 мектептин ичинен биздин эр жигиттер 1-орунду алышып, областык турга жолдомо алып келишти.Жакында обласка барышат. Мен ойлойм ал жактанда жакшы жетишкендиктерге жетип келишет деп»-дейт Арапат эжеке.

image

Чкалов айылынан келген «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» командасынын командири Бекжигит төмөнкүлөрдү билдирди.

image

«Бул жердеги балдар аябай жакшы даярданышыптыр.Калыстар тобу да тура чечим чыгарды деп ойлойм.Чынында биздин аткарган көрүнуштөрүбүздөн алардын көрунуштөрундө көптөгөн артыкчылыктар болду.Биз булардан көптөгөн жакшы жактарды үйрөндүк.Биз буларга ийгилик каалайбыз»-деп айты Бекжигит.

image

«Ак-шумкар» командасынын капитаны Адилет Аскарбеков өз толкундолорун кубанычтарын билдирди.

image

«Мен толкунданып турам.Биз жакшы орунду алдык.Бардык командалар мукту даярданып келишиптир  бирок биз ал жерден өзгөчөлөнүп 1-орунду алдык»-дейт Аскарбеков.

image

Жакында биздин «Ак-шумкар» командасы областка барышат.Аларга жалпы мугалимдер жана окуучулар ийгиликтерди каалайбыз.

Автор:Синарида Турсунбаева.