“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Төрөт үйүндө УЗИ аппараты иштеп чатыры жаңыланды

27 Февраль 2015 жыл 8:53
Көрүүлөрдүн саны: 73

Иштеткен адам жок иштебей турган УЗИ аппараты иштеп жатат. Суу өткөн чатыр жаңыланды. Ашкананын бөлмөлөрү жаңыланды.

Жогорку Кеңешинин депутаты Сайдилла Нышанов төрөт үйүнө бир жарым миллион каражат бөлүп бергенин ГлавВрач Бактыкан Абдрешева айтат.

image

«Бөлүнүп берген акча менен УЗИ аппараты үчүн кичинекей бөлмө курулуп, иштеп жатат».

image

«УЗИде өпкө, боор, көк боор, кош бойлуу аялдарды текшеребиз. Өзүбүздө даарылангандарды бекер даарылайбыз».

image

«Ошол бөлүнүп берген акчага ашканалар ремонттолду. Суу өтүп дубалдар жаман болуп кеткен эле. Жакшы шарттар түзүлүп калды».

image

«Кышында кар, жамгыр жааганда чатырдан суу өтүп, бөлмөлөр жаман болуп кетчү. Даарылануучулар жатканда да суу өтүп, суук болуп калчу. Бөлмөгө киргенде жаман көрүнчү».

image

«Эми чатыр заманбап тиникелер менен жабылып калды. Сыртынан көргөндө да жакшы көрүнүп калды. Бирок төрөт үйүнүн сырткы көрүнүшү жаман болуп калган. Ошону да жаңылап алсак жакшы болмок», — деп маалымдады Бактыкан Абдрешева.

Автору: Айсулуу Эркинбекова.