“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Жогорку Кеңешинин Депутаты курулуп жаткан спорт залга капсула таштап кетти

18 Декабрь 2014 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны: 52

Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары жана Базар-Коргон районунун акими болуп келип өз салымдарын кошуп кетишти.

Текебаев Өмурбек мугалимдерге жана окуучуларга куттуктосун жана өз ойун айтып өтту.

«Урматтуу Ооган-Талаа айылынын тургундары,мугалимдер,окуучулар сиздерди ушул бүгүнкү жакшы иш чаранын башталышы менен куттуктайм.Мектепке спорт зал курулса мектептен Кыргызстандын керегине жараган спортсмен балдар чыгышына ишенем.Бул спорт залдын курулушуна ушул айылдын патриодору,райондун акиминин кошкон салымы чон.Башка райондорго,областарга караганда Базар-Коргон районунда элдин демилгеси менен социялдык маданий экономикалык жагынан обектилер курулуп жатат.Мындан кийин да ушундай иштер арулуу болсун, «-деп айтты Жогорку Кенешинин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кенештин депутаты Сайдила Нышанбаев ден-соолук жакшы болушу үчүн спорт зал болушу керек экенин айтты.

«Бүгүнкү майрамынар менен куттуктайм.Спорт зал курулуп жатканына кубанып турабыз.Спорт зал жаштарга дем берет,куч берет.Ден соолук болмойунча эч нерсе болбойт.Ден соолук жакшы болуш үчүн биринчи спорт зал болушу керек экен.Мен ишенем силер ушул мектепти аяктап Кыргызстандын керегине жараган спортсмен уул-кыздардан болосуздар.Майрамыңыздар менен.»-деди депутат Нышанбаев.

Базар-Коргон районунун акими Дөлдөев Талай жаштар спорт менен машыгышса эч кандай жаман нерселерге кол урбаганын айтып өттү.

«Ооган-Талаа айылынын жалпы тургундары силерди ушул иш чаранын башталышы менен куттуктайм.Жаштар спорт менен машыгышса эч кандай жаман иштерге аралашпайт жана элин коргой турган инсан болушуна мен толугу менен ишенем.Мындай иш чаралар мындан ары да уланат, «-деп өз кубанычын элдер менен бөлуштү Дөлдөев Талай.

Автор:Синарида Турсунбаева, Абдышарип Миташов, Чолпон Биймурзаева.