“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Бишкекте тренерлик үчүн тренинг болду

29 Октябрь 2014 жыл 22:20
Көрүүлөрдүн саны: 67

Бишкек шаарында 13-14- октябрда тренерлик үчүн тренинг болуп өттү. Ар тараптан он алты окуучу келип, активдүү катышыты.

Тренинг Бишкек шаарындагы «Альпинист» мейманканасында болуп өттү. Эки күндүк тренинг ошол жерде болуп, тамактануу мейманканада болуп жатты.

image

Бул тренингде  негизинен кантип тренинг өтүү керек экедиги жөнүндө түшүнүк берилди. Жана окуучулар тренинг өтүүнү үйрөнүштү.

Биринчи күнү танышуу жана практика жүзүндө командага бөлүнүп иш алып барылды. Түштөн кийин Галина Ивановна, Элмурат Аширов менен пресс конференцияга даярдануу болду.

Экинчи күнү түшкө чейин Мери Бикешова менен өтүлгөн тренингти бышыктоо максатында практикалык көнүгүүлөр, тренинг өтүү үчүн программалар түзүлдү.

Элмурат Аширов  компьютерди, мобилдик технологияны макала жазууда кантип колдоонуу жөнүндө тренингти өтүүнү практика жүзүндө үйрөтүп кетти.

Түштөн кийин айылда жазылган жаңылыктар кандай жыйынтыкты алып келгендиги жөнүндө клоопто пресс конференция болду.

image

Ал жерде таза суу, жол,башталгыч классынын шашке чайы, твиттерден козусун тапкан чоң эне, бала бакча маселелери каралып, жыйынтыкталды.

image

Ал эми бул тренинг журналисттер провсоюзу тарабынан каржыланып, уюштурулган. Келген окуучулардын баарына жол акысы төлөнүп берилди.

Мындан ары да иштерди токтотпой, алдыга жылуу үчүн план түзүл. Азыр ошол пландар боюнча иштер аткарылып жатат.

Автору: Айсулуу Эркинбекова