“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Арсланбоп жаңгак токойу

24 Октябрь 2014 жыл 8:35
Көрүүлөрдүн саны: 98

Айылда сезон башталаары менен эл жаңгак тере баштайт. Талаага чатыр тигип, сезон бүткөнчө талаада жашашат. Ал эми сезон суук болуп, каар жааганга чейин уланат.

Кээ бири жөн гана талаага барып, шамалда түшкөн жаңгактарды терип келишет.

image

Ал эми жери барлар болсо, жерине чатыр салып, көчүп кетишет. Качан тоого каар жааганда гана келишет.

image

Аба ырайы суук болсо да ошол чатырчанын ичинде болушат.

image

Эгерде жаан жааса, басылганга чейин күтүп, жаан басылган соң жаңгак тергени жөнөшөт.

image

Жаңгак терип жүргөндө ар түрдүү, зыяндуу жандыктар кездешиши  мүмкүн.Мисалы жыландар.  Алардан өтө сак болуш керек.

image

Негизинен токойдун көпчүлүк бөлүгүн жаңгак дарактары ээлейт.

image

Айрым жерлерде булактар да бар. Чатырда жашагандар сууну ошол жактан ичишет.

image

Жаңгак жерлери алыс болгондуктан нива сыяктуу машиналар менен чыгышат.

image

Жаңгакты көбүрөөк топтош үчүн жаңгакка товарларды алмаштырышат.

Пайда көрүш үчүн айылдагылардын кээ бири жаңгакты элден алышат.

image

Анан аны кургатышат.

image

Пайда көрүш үчүн жаңгакты чагып маңыз кылышат.

image

Жаңгак көп болгондуктан акча төлөп коңшуларына чактырат.

image

Жаан жааганда окуучулар сабактан калып, акча табуу үчүн жаңгак тергени талаага чыгышат.

image

Жаан жаап шамал болгондо жаңгактар түшүп калат.

image

Чоң класстагы балдар жаңгак терип, кышкыга кийим кылып, ашканын ата-энесине беришет.

 
Автору: Айсулуу Эркинбекова жана Курманбекова Алия.